Соцтармакта Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында  пилатес боюнча өткөн иш-чаранын видеосу тараган.

Аталган иш-чара сын пикирлерди жаратты. Айрымдар муну маданий мекемеге карата сыйлабастык деп баалашкан.

Маданият министрлиги окуядан соң билдирүү таратып, иш-чара театр тарабынан министрлик менен макулдашылбастан уюштурулганын айтты.

Белгиленгендей, жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгы менен театр жетекчилигине карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Булак: govori.tv