Бишкекте 13 жаштагы кыз изделүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте 2010-жылы туулган Бибимариям Турсунбаева изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Анда айтылгандай, ал  30-августта Дордой-1 жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Учурда аны издөө иштери кызуу жүрүүдө.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кар түстө.

Кийген кийимдери: ак футболка, ак буткийим, күңүрт түстөгү шым.

Милиция кызды көргөн же кайда экенин билген жарандардан 0 (705) 00-33-73 же 102 номурларына чалып, маалымат берүүнү өтүнөт.

Булак: koom.press