Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Чүйдүн Ак-Бешим айылындагы эки баласын өлтүрүүгө шектелип эненин окуясы тууралууу маалымат берип, окуядан соң министрликтин өкүлдөрү дароо тергөө кызматкерлери менен бирге аталган үй-бүлөдөн кабар алышканын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үй-бүлөдө дагы үч бала бар. Учурда алар атасы менен чогуу. Балдарды багуу жана тарбиялоодо атасынын эжеси да жардамдашат.

Министрликтин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери балдардын коопсуздугун камсыздап, зарыл камкордук чараларын көрөрүн кошумчалады. Эмгек министрлиги билдиргендей, аталган үй-бүлө жашоо-шарты оорлордун тизмесинде болгон эмес.

12-сентябрда Токмокко жакын Ак-Бешим айылында бир үй-бүлөдөн 12 жана эки жаштагы эки бала бычак жеген. Алардын өлүмүнө шектелип апасы кармалган. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелген аял убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Булак: govori.tv