Улуттук банк "Кылым банк" ачык акционердик коомуна лицензия бергенин кабарлады.

Анын уставдык капиталы түзүлгөндө бир миллиард сом менен бекиген. 2027-жылга чейин бул көрсөткүчтү 5 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө.

Банк толугу менен мамлекетке караштуу болот. Ал ушул жылдын башында өкмөттүн токтому менен ачылган.

Белгилей кетсек, мамлекеттин мындан башка да төрт банкы бар. Алар: "Айыл банк", "Элдик банк", Мамлекеттик өнүгүү банкы жана "Керемет банк". Андан тышкары, "Капитал банктын" 100 пайыз акциясы да Каржы министрлигинин карамагында.

Булак: sputnik.kg