Ички иштер министрлиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, алкоголдук ичимдик ичип, баңгизаттарды же башка мас кылуучу нерселерди колдонуп унаа башкаргандарга карата жазаны катаалдаштыруу каралууда.
Негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөр:
ичимдик ичип машина башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга (азыр бир жыл) ажыратылат;
эгерде мас абалда кырсыкка кабылып, адамга залал келтирсе, пробациялык көзөмөл колдонулбайт. Ошондой эле күнөөлүүлөр жабырлануучу менен өз ара жарашып алса да жоопкерчиликтен кутулбайт;
айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса үч суткага камоонун ордуна айдоочулук күбөлүктөн эки жылга ажыратылат. Эгер документи жок болсо 15 суткага камалат;
жол кырсыгынан киши каза болсо айдоочулук укугунан ажыратылып, 20-50 миң сом айып салынат. Ошондой эле кылмыштын оордугуна жараша 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Министрлик мындай демилге менен жол кырсыктарынын санын жана анын кесепетинен улам катталган адам өлүмүн азайтууну көздөөдө.
Булак: sputnik.kg