УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 31-августта Сузак районунун Барпы айылында иш сапарында болгон учурунда, ага 9 балалуу үй-бүлө келип жолукту. 

Тогуз баласын чогуу ээрчитип келген аял УКМК төрагасына үй маселеси менен кайрылды. Айтымында, ушул убакка чейин үйлөрү жок. 

"Мен эмне кылышым керек? Эмнеге 9 балалуу болгуча, үйлүү болгонуңар жок?" - деген Ташиев аялдын күйөөсүн чакыртты. 

"9 балалуу болупсуз, а эмнеге аракет кылып үй курган жоксуз?" - деген суроого үй-бүлөнүн ээси буга чейин аларга берилген жер тилкесине пайдубал салышканын, бирок жер тилке трансформацияга туш келгенинен ал бузулганын айтып берди. 

Камчыбек Ташиев мындай абал жаралбаш үчүн үйдү туура жерге курууну эскертти. Анан анын жашын сурады эле, "37" деген жоопту укту. 

"37 жашта экенсиз, балдарга үй куруш керек да. Буларды кыйнабай... Менин артымдан кубалап жүрө бересиңерб? Азыр макул, мен силерге үй берейин, андан кийин эмне кыласыз? Ден соолугуңуз жакшы экен, колу-бутуңуз бар экен. Иштеп, үй кургула да. Байкуш балдарды эмнеге кыйнайсыңар? Менин артымдан чуркабагыла. Өзүңөр үй куруп, балдарыңарды чоңойткула. Азыр ипотекага үйлөр берилип, анан андан алгыла, иштегиле. Мен ар бир адамга үй куруп бере албайм. Миңдеген үй-бүлө бар экен жардамга муктаж", - деди Ташиев. 

Бирок алгач ачууланып алган УКМК төрагасы баары бир жардам берүүдөн баш тарта алган жок. Ал жергиликтүү бийлик өкүлүн чакырып, чоң үй-бүлө жашаган Кара-Суу районунун акими менен байланышууну тапшырды. 

"Аким менен сүйлөшкүлө, буларга жер тилке бөлүп берсин. Жер тилке бөлүнгөндөн кийин анан үй курууну ойлонуштурабыз", - деди Камчыбек Ташиев.