Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Ноговицынага жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн ӨКМдин тик учагы кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинистти алып түшүү, башка туристтерге жардам берүү максатында ӨКМдин Авиациялык ишканасынын “Airbus Н-125” үлгүсүндөгү тик учагы жөнөтүлгөн. Ошондой эле жардам берүү үчүн барган чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч, альпинист-куткаруучу, инструктор Каркырадагы базада 2 күн болушкан.

Бирок Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп, учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу 25-августта министрликтин тик учагы чет өлкөлүктөр менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтышты.

Ал эми ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, Ысык-Көл облусундагы альпинисттерди өзүнө тарткан бийик чокулар жайгашкан бул өрөөнгө суук эрте түшкөндүктөн альпинисттер лагери Каркырадагы негизги базасына көчүп келишкен.

Эске салсак, 12-августта альпинист Наталья Ноговицына Жеңиш чокусунан түшүп келе жатканда бутунан жаракат алган. Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери жүргүзүлдү.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусундагы кырдаалды көзөмөлдөп, аталган туристтик компания менен тыгыз байланышып турду.

Булак: govori.tv