КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди, анын ичинде өнөр жай жана социалдык объектилерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 1040 гектар айыл чарба жерлери мамлекеттин балансына кайтарылды.
          Алсак, Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан каттоого алынбаган жерлерди өздөрүнө тиешелүү жактарга жеке кызыкчылыгына пайдалануусу үчүн арзандатылган ижара наркы көрсөтүлгөн жасалма келишимдерди түзүү аркылуу өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жер тилкелерин муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуунун милдеттүү жол-жоболорун сакташкан эмес.
          Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу «Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик» тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган жерлерди каттоодон өткөрүү, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.