Абхазия жана Армения номурлары бар унааларды мыйзамдаштыруудан мамлекетке 406,5 миллион сом түштү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Насиров маалымдады.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 1-апрелден 1-июлга чейинки үч айлык мөөнөткө тиешелүү.
«Бул аралыкта чет элдик номурлуу 5 миң 825 унаа мыйзамдаштырылды. Жыл аягына чейин бул сумма дагы өсөт деп күтүлүүдө», — деди Насиров.
Эске сала кетсек, учурда өлкөдө армян жана абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүп жатат. Ага ылайык, кыймылдаткыч көлөмү 2 литрге чейинки унааларды мыйзамдаштыруу акысы — 50 миң сом, ал эми андан чоң көлөмдөгүлөр үчүн — 100 миң сом.
Булак: koom.press