КР Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын кызы Аэлита эки жылдан бери чыгармачылыкка аралашып, эл алдында жүрөт. Ал Тыва республикасында өткөн эл аралык сынакка барып, 1-орун менен кайтып келди. 

Айчүрөк Иманалиева кызынын жеңиши бир гана ага эмес, жалпы кыргыз элине таандык экенин белгилеп, сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергени үчүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди. 

"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сиздин каржылык жана моралдык колдооңуз, жылуу пикир тилектериңиз менен "Алдын согун" эл аралык конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алып, 1- орунга ээ болдук.

Бул бир гана Аэлитанын эмес, Кыргызстандын, кыргыз элинин жеңиши.

Жаштарыбыз улам канат кагып, дүйнөгө өлкөбүздү өздөрүнүн күчү, акылы, таланты менен таанытып жатышат. Мунун баары сиздей жетекчилердин, мамлекеттин колдоосун сезгендеринен улам болууда.

Сизге ыраазычылык билдиребиз. Ден соолукта, үй -бүлөңүз менен аманчылыкта болуңуз!" - деди ырчы. 

Ошондой эле, ал Тывага барып-келүү учак чыгымын көтөрүп бергени үчүн Маданият министрлигине, маданият министри Мирбек Мамбеталиевге ыраазычылык билдирди.