Бүгүн, 25-июлда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарына болгон жумушчу иш-сапарынын алкагында, маданият жана искусство тармагындагы жаңы долбоор — Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушунун капсула салуу аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышты.

Жаңы борбор маданий мурастарды сактоо, заманбап искусствону жана жаштардын чыгармачыл дараметин колдоо, маданий-мурастарды сактоо максатында ишке ашырылууда.

Ошондой эле, борбор заманбап технологияларды, искусствону, билим берүүнү жана коомдук ишмердүүлүктү камтыган көп тармактуу платформа багытына кызмат кылат.

Булак: 7 канал