Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында акыркы үч жылда энергетика тармагында олуттуу өзгөрүүлөр жана жаңылануулар болуп жатат. Бул жаңыртуулардын багыттарынын бири — автопаркты кеңейтүү жана энергетика тармагын электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы адистештирилген жабдуулар менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Энергетика министрлиги

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКка жаңы атайын техникалардын ачкычын тапшырды.

Жаңы 16 даана атайын техника 60 млн 920 миң сомго сатылып алынган, анын ичинде:

8 даана эксковатор;

8 даана автовышка.

Электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

2025-жылдын башында өздүк каражаттардын эсебинен 54 даана техника алынган, анын жалпы суммасы 102 483 400 сомду түзгөн.

Ошентип, 2025-жылы сатылып алынган техниканын жалпы саны 70 бирдикти, ал эми баасы 163 млн 403миң 400 сомду түздү.