Оштогу Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 12 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Ош шаардык милициясынан билдиришти.
“Өспүрүмдүн жансыз денеси сууга түшүп кеткен аймактан 600-800 метр ылдый жактан, дамбадан табылды”, - деп айтылат милициянын маалыматында.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-майда Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткен. Бүгүн аны издөөгө жалпы 254 адам тартылган болчу.