Баткенде айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатуу фактысы аныкталды.

Анда айтылгандай, 2012-жылы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары "Полевой стан" айыл чарба кооперативин жоюп, жерди трансформациялоонун жол-жоболорун бузуу менен Арка тилкесинде жайгашкан 30 сотых жерди жеке турак жай куруу үчүн С.М. аттуу жаранга сатып жиберген.

Учурда жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.