Ысык-Көлдүн айланасын тазалоо иштери жүрүп, акыркы бир ай аралыгында 3 353,42 гектар аянттан 2672 килограмм таштанды, 2700 метр тор чыгарылган. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.
Анда белгиленгендей, суучулдар кызматынын кызматкерлери тазалоо иштерин улантууда.
"Жайкы туристтик мезгил активдүү баштала электе эс алуучу жайлардын алдындагы көл жээктерин таштандылардан арылтуу жумуштары күчөтүлүүдө. Өзгөчө Чолпон-Атада шаарындагы көл жээктерине көңүл бурулуп жатат. Муну менен катар балык уулоочу синтетикалык торлорду алып чыгуу иш-аракеттери колго алынган. 13-майдан 14нө караган түнү 12 тор чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ Ысык-Көлдө балыктардын урук чачып жаткан мезгилине карабай, браконьерлер чабуулун токтотпой жатышканын кошумчалады.