Чүй облусунун Шопоков шаарында жайгашкан “Лахор Стил Милс” ишканасына сууну 14 жыл мыйзамсыз пайдаланып келгендиги үчүн 848 миң 128 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган ишкана жер астындагы сууларды пайдалануу үчүн 2 скважинаны 2012-жылдан бери уруксат кагаздары жок пайдаланып келген. 2011-жылдын 27-майынан бери сууларды пайдалануу үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келгени аныкталган.