Бишкектеги Бейшеналиева көчөсүнүн Москва  көчөсүнөн Рыскулов  көчөсүнө чейинки тилкеси текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 29 жарнама, 67 жарнама баннери демонтаждалып, 11 мыйзамсыз соода түйүнү жоюлду.

Иш-чаранын максаты шаардын архитектуралык, көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.