«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

Аталган кызмат түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.