Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке саат 09:00дө башталып, кечки саат 19:00гө чейин уланат. Анда социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлар сатылат.

Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт. 

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.