Нарын - Орук -Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган жолдун 60-чакырымына түшкөн. Учурда №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, жолдун жогоруда аталган тилкесине 7-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.