Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер (бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы) жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй “А-К.” акционердик коомунда калтырылгандыгы аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында 74 млн. 152 миң сомду түзгөн аталган социалдык объектилер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.