Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 10-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Аймакты караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, зарыл учурда кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.