Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Трансевразиялык каттам» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга «долбоордун кум коргон» режиминде кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдирди.

Келишим Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун ортосунда түзүлгөн.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов бул Кыргызстандын темир жол тармагындагы биринчи МЖӨ долбоору, ал өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп каларын билгиледи.

«Инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 3 миллиард АКШ долларын түзөт, бул жаңы жумуш орундарын гана камсыздабастан, транспорт тармагын кыйла жакшыртып, өлкө үчүн узак мөөнөттүү келечекте экономикалык пайда алып келет», — деп кошумчалады аталган агенттиктин директору Талантбек Иманов.

«Транс-Евразиялык маршрут долбоору Макмал айылынан Каракол шаарына чейинки жаңы темир жол линиясын курууну камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн транспорт тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам болот»,-деп айтылат маалыматта.

Булак: 7 канал