Ысык-Көл облусунда ооруканага жипке асынган, оор абалда түшүп, каза болгон 18 жаштагы кыздын өлүмү иликтенип жатканын бүгүн 19-февралда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кыз Барскоон айылынын тургуну болгон.

“2025-жылдын 5-февралында саат 12:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге Жети-Өгүз райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөн. Анда Барскоон айылынын 2007-жылы туулган жашоочусу жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Билдирүү Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Булак: Азаттык