2024-жылы Кыргызстанда жашы жете электер жасаган 1552 кылмыш катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылы мектеп окуучуларынын арасында опузалап талап кылуу боюнча сегиз, 2023-жылы алты учур катталган.

2024-жылы милициянын профилактикалык каттоосуна 3 862 өспүрүм алынган. Балдар жасаган кылмыш ишинин басымдуу бөлүгү уурулук болуп саналат.

Ошол эле учурда балдарга каршы 1 655 кылмыш иши катталган.

Былтыр өспүрүмдөр арасындагы мушташтан адам өлгөн эки учур, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч учур катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

Мындан тышкары "ден соолукка оор залал келтирүү" фактылары боюнча бардык учурлар боюнча кылмыш иштери козголгон.

Булак: Азаттык