Тургунбаев Русланбек Жусупжанович Токмок шаарынын прокурору болуп дайындалды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Буга чейин Токмок шаарынын прокурору кызматын Нурбек Жороев ээлеп келген. Ал эми Русланбек Тургунбаев Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болчу.