Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө 28-февралга чейин жүргүзүлөт.

“2025-жылдагы ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алып, ажылыктын төлөмдөрүн толук төлөгөн талапкерлерге өлкө боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын 4 компоненттүү менингитке каршы “ACYW 135” жана мезгилдик сасык тумоого каршы “Гриппол” эмдөө мөөнөтү жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Муфтият жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын, милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендигин эскертет.