Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын кыз узатуу тою өтүп жатат. Бул тууралуу бир катар басылмалар өздүк булактарына таянып жазышты.

Маалым болгондой, кыз узатуу «Ата» ресторанында өтүп жатат. Тойдун өзү 21-февралда болоору белгилүү болду.

Лазат Нуркожоева белгилүү балбан, Париж Олимпиадасынын катышуучусу Амантур Исмаиловго турмушка чыгып жатканы маалым болду.

Лазат Нуркожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган. 

Булак: Назарньюс