Баткенде теңтушуна бычак сайган бала соттун чечими менен ата-энесинин көзөмөлүндө калтырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлады. 

Милициянын маалыматына караганда, 8-февралда түнкү саат 00:30дар чамасында экөө жолуккан. Таңкы саат 6:00дө балдар көчөдөн кайра жолугуп, айтыша кеткен. А.Д. бычак менен М.Ч. көкүрөк тушка сайып жиберген.

«Бул Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда жабырлануучу Баткен областык биргелешкен ооруканасында, ден соолугу жакшы, абалы туруктуу»,- деп берилет билдирүүдө.

Эске сала кетсек, бул эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кеткен.

Булак: 7 канал