Бишкек шаарындагы №72 мектепте ур-токмокко кабылган окуучу каза болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлүнө маркумдун атасы кайрылып, тиешелүү органдарга окуя тууралуу маалыматты жеткирип коюуну өтүнгөн.
"21-январда №72 мектептин ажатканасында 8-класстын окуучусу чоң класстагы балдардан токмок жеп, жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Мектеп жетекчилиги менен милиция окуяга кайдыгер карап, видеокөзөмөлдү өчүрүп салышкан", — деди Нарматова.
Ал эми Бишкектеги Ленин РИИБдин басма сөз кызматы өспүрүмдүн атасы милицияга кайрылып, мектептеги окуучуларга жана мугалимдерге карата чара көрүүнү өтүнгөнүн, факт каттоого алынып, текшерүүнүн алкагында экспертизалар дайындалганын маалымдады.
Тергөөгө чейинки текшерүү РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.