Мындай пикирин журналист Мирлан Дуйшенбеков билдирди.
«Журналист Элнура Алканова Илон Маск тарабынан “Азаттык” радиосун жабуу сунушу боюнча өзүнүн субьективдүү аргументтерге таянган жакшы пикирин билдириптир. Негизинен каражат көп бөлүнүп, радионун ага жараша миссиясын жакшы аткарбай калганын, коррупциялашып, туугандашып, кландашып кеткенин, демократияны жайылдуу радиодон көз каранды эместигин, аны эл өзү ишке ашырарын, ага убакыт керектелерин айтыптыр. Туура пикир, омоктуу ой, кошулбай коюуга болбойт...
Ооба, бул маселе боюнча ар кандай субьективдүү жана объективдүү пикирлерди айтууга болот. Бирок, маселенин төркүнү радионун бүгүнкү маалыматтык системанын болуп көрбөгөндөй өнүгүп жаткан доорунда зарылчыгы болбой калганында жатабы бейм. Дегеним, “Азаттык радиосу”, “Америка үнү”, “Радио свободы” демократиялык баалуулуктарды жайылтуу үчүн ачылган деп миң кайталап айтпайлы, иш жүзүндө комунисттик системаны ойрон кылуу, аны талкалоо үчүн ачылганы тарыхый факт. Бүгүн коммунисттик система жок. Радионун бул миссиясы өзүнөн өзү жокко чыгарылат. Бул өңүттөн алганда, радионун эмнеге керектигин АКШнын Акүйүндө олтургандар өздөрү билбей калышты окшойт...
Дээрлик 1 млрд. долларга жакын каражат бөлүнүп, ал жылдан жылга көбөйүп, бирок кайтарымы болбой жаткандыктан да радионун ишин токтотуу маселеси көтөрүлүп жатканы айтыла калып жүрөт. Бирок бул жагдайды радиону жабууга себеп дегендин өзү күлкү келерлик. Зарылчылыгы жаралган учурда долларды станоктон конвейердей эле басып чыгарып, дүйнөгө таркатып ийчү АКШ үчүн 1 млрд. доллар тыйынчалык эле. Чындап келгенде АКШ майнапсыз, кайтарымы жок максаттар үчүн жылына миллиарддаган каражаттарды коротот. Анан радиого бөлүнчү акчаны эсептеп, үнөмдөйлү деп атканына ким ишенет?
Жогоруда айткандай, маалыматтык система болуп көрбөгөндөй өнүктү. Ар бир жаран азыр колундагы телефон аркылуу маалыматты чагылгандай ылдамдыкта алуу жана таркатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай шартта радионун зарылчылыгы да эселеп төмөндөбөй койбойт. Башкалар зарылчылыгын көрсө да, маалыматтык технология менен тең жарышып, атүгүл озуп, заманынан алдыга кеткен Илон Маск көрбөй атканы айтпаса да түшүнүктүү. Сунуштун андан чыгып атканы да бекеринен эмес...
Минтип улай берсек болот. Бирок ток этерин айтсак, радионун зарылчылыгы, АКШ бийлиги үчүн мааниси калбай баратканы чындык. Кеп каражатта, саясатта же демократиялык баалуулуктарда деле эмес. Кеп “Азаттыктын” тарыхый миссиясын эчак өтөп бүткөнүндө. АКШдагы эки дос максаттарына жетип, жаптырып салса, Кыргызстан кайсы бир деңгээлде уттурушу ыктымал, бирок АКШ эч нерсе уттурбайт. А бул маселеде АКШнын уттурар, уттурбашы маанилүү...»,- дейт ал.