Кыргызстанда колдонулган жугуштуу ооруларга каршы вакциналардын компоненттери коопсуз жана курамында эч кандай тыюу салынган заттарды камтыбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова иммунизациялоо боюнча өткөрүлгөн иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда колдонулган жугуштуу ооруларга каршы вакциналар менен Европада колдонулган вакциналардын сапаты бирдей. Ушул эле вакциналар дүйнө жүзүндө анын ичинде Сауд Аравиясы жана Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө да колдонулат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда вакциналарды сатып алуу министрлер кабинети менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Меморандумдун алкагында ЮНИСЕФтин сатып алуу механизмдери аркылуу жүргүзүлөт. ЮНИСЕФтин вакциналарды сатып алуу бөлүмү өткөргөн эл аралык тендерлерге продукциясы GMP эл аралык стандарттарына ылайык келген жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өткөн фармацевтикалык кампаниялар гана катыша алат.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан 20 жылдан ашуун убакыттан бери төмөнкү өлкөлөрдүн фармацевтикалык кампанияларынан вакциналарды сатып алууда: GlaxoSmithKline (Бельгия), Sanofi Pasteur (Франция), Biopharma (Индонезия), BCG non-laboratory (Япония), Crucell (Швейцария), Panacea Biotech, Serum Institute (Индия), Intervax Biological (Болгария Berna Biotech Korea Corporation, Crucell Company (Корея), LG Life Sciences Ltd. (Корея), Pfizer United Kingdom of Great Britain and Northern Ireland (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу).
Булак: Кабар