Аба ырайына байланыштуу "Ош" эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учактардын конуусуна бүгүн саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Белгилей кетсек, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.