Саамалыкка Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, коңшу өлкөлөрдүн элчилери, жогорку кеңештин бир катар депутаттары, К.Карасаев атындагы БМУнун чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетинин араб бөлүмүнүн студенттери катышты.
Иш-чаранын урматына Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан "Ынтымак" жана "Адинай" сейил бактарында жөө күлүктөр марафону уюштурулуп, 300гө жакын катышуучу 5 чакырым аралыкта чуркады.
Иш-чаранын максаты - кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган сейрек кездешүүчү ак илбирсти сактоо жана жарандарды сергек жашоого үндөө.
Маалымат үчүн: Араб илбирсинин эл аралык күнү БУУнун резолюциясы менен 2023-жылдын 12-июнунда бекитилип, жыл сайын 9-февраль күнү белгиленип келет.