Кечээ, 7-февралда Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Ж.Бабараимов көчөсүндө мыйзамсыз жана убактылуу жайгашкан соода-сатык жайлардын ээлерине курулуштарды бузуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ордуна жолду алты тилкеге кеңейтип, көпүрө курууну пландап жатышат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жерде жол Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчмө жыйынында берилген тапшырмасына ылайык, унаа тыгынын жоюу жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында 6 катар унаа бата турган болуп кеңейтилет.
Жумуштардын алкагында, Ж.Бабараимов көчөсүнөн (Вещевой рынок) Мамажан көчөсүнө чейин (Шейит-Дөбө мечити) жана Т.Турсунбаева көчөсүнөн («Зухра» рестораны) Ж.Бабараимов көчөсүн карай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралган.
Булак: 24.kg