КР УКМК Ош облустук ИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө "Хизбут-Тахрир"  ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 дарегине санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

       Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар КР Юстиция министрлигине караштуу  Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына  дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
        Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.