Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты 30-январда «АКИpress» агенттигине ЖАКтын басма сөз кызматы тастыктады.

Тиешелүү буйрук 29-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган. Жолдубаев Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаровдун ордуна келди.

Жолдубаев 1987-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун АкМуз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Тергөө-криминалистика факультетин бүтүргөн. Буга чейин ал ЖАКтын Башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Булак: АКИpress