Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылы 123 миллиард 85 миллион сомдон ашык киреше чогултуп, белгиленген 121 миллиард сом планды 101,7%га ашыгы менен аткарды. Тактап айтканда болжолдонгон суммадан 2 миллиард 85 миллион сомго көп чогултту.
Бажы төлөмдөрүнөн кайсы жылы канча чогулганын учкай токтолсок,
2015-жылы 32 миллард сом.
2016-жылы 29,3 миллард сом.
2020-жылы 28,9 миллард сом
2021-жылы 46,9 миллард сом.
2022-жылы 74,3 миллард сом.
2023-жылы 111,5 миллиард сом.
2024-жылы 123 миллиард 85 миллион сом.
Мындай ийгиликтерге жетишүүдө бажы тармагындагы айкындуулукту камсыздоо, коррупцияны жоюу жана санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштер чоң роль ойноду. Бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү.
Мурда, 2010-2020-жылдар аралыгында, бажы төлөмдөрүнөн түшкөн киреше жылына 20-30 миллиард сомду гана түзүп, калган каражаттар коррупциялык схемалар аркылуу ошол кездеги бийлик өкүлдөрүнө жана башка кызыкдар тараптарга кетип турган.
Президент Садыр Жапаров бул схемаларды токтотуп, бажы тармагын катуу көзөмөлгө алды.
Ал: “Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт”, - деп баса белгилеген.
Санариптештирүү жаатында да олуттуу кадамдар жасалды. Президент Садыр Жапаров: “Санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди”, - деп белгилеп, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан.
Жыйынтыгында, бажы тармагындагы айкындуулук жана санариптештирүү коррупциянын азайышына алып келип, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин олуттуу өсүшүнө шарт түздү.