«Белгисиз адамдар Улуттук банктын атынан жарандарга телефон чалып, Улуттук банктын кызматкеринин жасалма күбөлүгүн жөнөтүп, банк эсептериндеги акча чет өлкөгө согуш операцияларын каржылоого жөнөтүлүп жатканын айтып, жарандардан жеке маалыматтарды сурап жатышат.
Улуттук банк телефон чалгандар шылуундар экендигин эскертет! Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, мессенжерлер аркылуу күбөлүктөрдү жөнөтпөйт, ошондой эле жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта бейтаааныш жактарга акча которбоңуз. Алдамчылардын максаты – сиздин акчага жетүү жана уурдоо.
Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз», - деп эскертти Улуттук банк.
Булак: Баракелде