Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей каза болду. Маалыматты облустук милиция “Азаттыкка” ырастады.
Маалыматка караганда, 22-январда 16 жаштагы Ч.Д. аттуу бала өзүнөн бир жаш улуу окуучу менен мушташкан учурда жараат алган. Ал ооруканага жаткырылып, операция болгон, 25-январда алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка жеткен. Экөө тең жараат алган. Мушташка эмне себеп болгону кабарланган жок.
Учурда мугалимдер жана ошол мектептин окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суралып жатканы кабарланды. Соттук-укуктук дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Кылмыш ишин Чүй облустук милициясынын жетекчилиги көзөмөлдөп жатат.
Булак: Азаттык