Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин (КМ) артиллериялык эсеби кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын соңку суткада Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында жүргүздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аталган тилкеде кеминде жалпы көлөмү 143305 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.
Министрликтен такташкандай, ушуну менен акыркы жааган калың кардан кийин Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталды.
22-январда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил автоунааны жана 1 “Спринтер” үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машинаны кар көчкү толук басып калган.
Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан 4 жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Көчкүнү тазалоо иштери жана башка тилкелерде карды атып түшүрүү иштери күчөтүлгөн.
Булак: Азаттык