Күн мурун И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында өттү.
Аталган жолугушууга окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттар, факультеттер, кафедралар ж.б.) жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер болуп жалпы 500гө жакын адам катышты.
УКМКнын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.
Ошондой эле УКМК кызматкерлери тарабынан 2020-жылдан тартып 2024-жылга чейинки мезгилде республиканын саламаттык сактоо системасында аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын, фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.