Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0...-2, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө −3...-5 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −7...-12ден −2...+3кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы −13...-18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Күндүз −4...+1ден 6...11 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12...17ге чейин жогорулап, кайра −5...-10 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Талас облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп −1...-3 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −9...-14төн −4...+1 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү −15...-20га чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз −4...+1ден 4...9га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 10...15ке чейин жогорулап, кайра −5...-10го чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ош облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0...2, тоо этектеринде 0...-2 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −6...-11ден −1...+4 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз −4... +1ден 6...11ге чейин жетет. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12...17 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0...2, тоо этектеринде 0...-2 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −6...-11ден −1...+4 градуска чейин өзгөрөт. Күндүз −4... +1ден 6...11 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12...17ге чейин жогорулашы мүмкүн.

Баткен облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп 0...2, тоо этектеринде 0...-2 градус суук болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −6...-11ден −1...+4кө чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз −4... +1ден 6...11ге жетет. Кээ бир күндөрү күндүз 12...17 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп −1...-3, чыгышында −4...-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −7...-12ден 0...-5ке чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз −1...-6дан 2...7ге чейин жетет.

Нарын облусу

Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп −9...-11, Кочкор районунда −4...-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн −13...-18ден −3...-8ге чейин, кээ бир түндөрү Ат-Башы районунда −20...-25ке чейин төмөндөйт. Күндүз −4...-9дан −1... +4кө чейин өзгөрүшү мүмкүн.