Бүгүн жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

ӨКМ шамал катталган учурда коопсуз жайларда болууну, кырсык катталганда «112» бирдиктүү кызматына токтоосуз чалууну эскертет.