Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

19-январда болжол менен саат 03:20 чамасында Ысык-Атадагы ооруканадан билдирүү түшүп, 1988-жылы туулган жаран бычакталып, реанимацияга жаткырылганы маалымдалган.

Шектүү катары 1988-жылы туулган аял кармалган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, экөөнүн жарандык никеде экени, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкени аныкталган. Аял күйөөсүн курсак тушка сайган.

Учурда териштирүү жүрүүдө.

Булак: 7 канал