Жер титирөөнүн очогу Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айылынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.