Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Окуя бүгүн саат 10:40 чамасында катталган. Анда Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 107-чакырымында Volkswagen Passat машинасы менен Honda Odyssey автоунаасы кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен эки киши каза болуп, беш адам ооруканага түштү.

Булак: Спутник