Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен 21:10 чамасында Сузак районунда 1970-жылы туулган Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары Сузак РИИБдин жана Сузак районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Издөө бөлүмү тарабынан Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын 2004-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу кармалган.
Азыркы учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, кылмышка шектүү жаран андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Сузак РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.