Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу Чыгыш-5 кичи районундагы № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде жана №59 бала бакчасында ысык суу жана жылуулук болбойт.
Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
- Категория: Коом
- Просмотров: 149