Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жана милдети аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам ишкердик субъектилери болуп саналган ишкердик иш-аракетти караган “аялдардын ишкердиги” аныктамасын киргизүүнү белгилейт, алар:
– ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
– акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, Кыргызстандын аймагында катталган, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.